Mindblown: a blog about philosophy.

  • Жашоонун тирилүүсү

    25  Ошондо Иса: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, кайра тирилет. 26  Ким мага ишенип жашаса, ал эч качан өлбөйт. Буга ишенесиңби?» — деп сурады. Жакан 11: 25-26

  • Кийинки баа

    24  Анан Иса шакирттерине мындай деп айтты: «Ким менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартып, жаза устунун алсын жана дайыма менин жолумду жолдосун. 25  Анткени ким өз жанын сактагысы келсе, ал андан айрылат, ал эми ким мен үчүн жанынан айрылса, ал аны сактап калат. 26  Адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанынан айрылса, анда ага эмне пайда? Матай 16:24-26

  • Ук жана кыл

    46  Эмне үчүн мени „Мырзам! Мырзам!“ деп чакырасыңар да, айткандарымды аткарбайсыңар? 47  Мага келип, сөздөрүмдү уккан жана аларды аткарган ар бир адам кимге окшош экенин силерге айтайын: 48  ал жерди терең казып, пайдубалын аска таштын үстүнө тургузуп, үй курган кишиге окшош. Сел жүрүп, дарыя ташкындап, үйдү каптаганда, үй эч нерсе болгон жок, анткени жакшы курулган болчу. 49  Ал эми сөздөрүмдү угуп, бирок…

  • Тар жол

    13  Тар дарбазадан киргиле, анткени чоң жана кенен жол өлүмгө алып барат. Ал жолдо бараткандар көп. 14  Ал эми тар дарбаза менен кууш жол өмүргө алып барат. Ал жолду тапкандар аз. Матай 7: 13-14

  • Толук жашоонун дарбазасы

    9  Мен эшикмин. Ким мен аркылуу кирсе, ал куткарылат. Ал ичкери кирет, тышка чыгат, жайыт табат. 10  Ууру койлорду уурдаганы, өлтүргөнү, жок кылганы гана келет. Мен болсо алар өмүргө, болгондо да чексиз өмүргө ээ болушу үчүн келдим. Жакан 10: 9-10

  • Баарын кечирүү

     46  Мындай деди: «Ыйык Жазмада жазылгандай, Машаяк азап чегип, өлүп, үчүнчү күнү тирилет; 47  анын ысмынын негизинде бардык элдерге күнөөлөрү кечирилиши үчүн өкүнүү керектиги жарыяланат. Иерусалимден баштап. 48  силер ушуларга күбө болосуңар. Лука 24: 46-48

  • Ыйык кат Мессияны билдирет

    25  Ошондо Иса аларга: «Оо, акылсыздар, пайгамбарлар айткан сөздөрдүн баарын качан жүрөгүңөр менен кабыл аласыңар?! 26  Машаяк даңкка бөлөнүшү үчүн ушулардын баарын башынан өткөрүп, азап тартышы керек эмес беле?!» — деди. 27  Андан кийин Мусанын жана башка бардык пайгамбарлардын сөздөрүнөн баштап, бүт Ыйык Жазмада өзү жөнүндө айтылгандарды түшүндүрүп берди. Лука 24: 25-27

  • Капа болбоңуз, Падышалыкты издеңиз

    24  Эч ким эки мырзага кул боло албайт, анткени бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт же бирине берилгендик менен кызмат кылып, экинчисин баркка албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар.25  Ошондуктан силерге айтарым, эмне жеп, эмне ичериңерди ойлоп жаныңар үчүн, эмне киериңерди ойлоп денеңер үчүн тынчсызданбагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи?!26  Көктө учкан…

  • Эң чоң осуят: сүйүү

    37  Ал мындай деди: «„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй“. 38  Бул — биринчи жана эң маанилүү осуят. 39  Экинчиси ушуга эле окшош: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“. 40  Бүт Мыйзам да, пайгамбарлардын айткандары да ушул эки осуятка негизделет». Матай 22: 37-40

  • Жол

    6  Иса: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт. Жакан 14:6

Got any book recommendations?