Капа болбоңуз, Падышалыкты издеңиз

24  Эч ким эки мырзага кул боло албайт, анткени бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт же бирине берилгендик менен кызмат кылып, экинчисин баркка албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар.25  Ошондуктан силерге айтарым, эмне жеп, эмне ичериңерди ойлоп жаныңар үчүн, эмне киериңерди ойлоп денеңер үчүн тынчсызданбагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи?!26  Көктө учкан канаттууларды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага да жыйнабайт, ошентсе да асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Силер алардан алда канча баалуу эмессиңерби?!27  Тынчсыздануу менен кимиңер өмүрүңөрдү бир азга болсо да узарта аласыңар?28  Кийимди ойлоп эмнеге тынчсызданасыңар? Талаадагы лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы: алар эмгектенбейт, жип ийрибейт. 29  Бирок силерге айтып коёюн, атүгүл Сулайман да, канчалык атак-даңктуу болбосун, алардын бириндей да кийинген эмес. 30  Бүгүн талаада өсүп, эртең мешке ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди кантип кийиндирбей койсун, ишеними аздар?31  Ошондуктан „эмне жейбиз?“, „эмне ичебиз?“ же „эмне киебиз?“ деп эч качан тынчсызданбагыла. 32  Мунун баарын ойлоп дүйнөнүн адамдары түйшүк тартышат. Ал эми силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет.33  Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет.

Матай 6: 24-33

by

Comments

One response to “Капа болбоңуз, Падышалыкты издеңиз”

  1. Ragnar
    Ragnar

    Ыйса Машайак бизге “биринчи кезекте Анын Падышалыгын издегиле” десе, бул Кудай биздин Падышалыгын таап, ага киришибизди каалайт дегенди билдирет. Эгерде биз бул падышалыкка умтулсак, анда ал бизге жашоо үчүн зарыл болгон нерселердин баарын берет деп убада кылган. Келечек үчүн кабатыр болбо, бирок түбөлүктүү нерсени изде.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *